www.fgks.org   »   [go: up one dir, main page]

Мазмунга өтүү

Хабуб

Википедия дан

Хабуб - Африканын түндүк-чыгышында (көбүнчө Судан жана Египетте) жана Арабия ж. а-нда байкалган чаңдуу же кумдуу бороон.

Чөлдөрдөн келген муздак аба массасынын конвекциясы менен шартталат. Хабуб болгондо пайда болгон «чаң дубалынын» бийиктиги 1,5 км, туурасы 30 кмго жетет. Негизинен майдан октябрга чейин жүрөт; орточо узактыгы 3 саат. Шамал кыйраткыч күчкө ээ. Жылына орточо 24 жолу (Хартумда) катталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4