Африка бирлиги - Африканын 54 мамлекетин бириктирген эл аралык өкмөттөр ортосундагы уюм.
Африка биримдик уюмунун укук улантуучусу (АБУ). 2002-ж. 9-июлда негизделген. Уюмдун чегиндеги эң маанилүү чечимдер Африка союзунун Ассамблеясында-мүчө-өлкөлөрүнүн мамлекет жана өкмөт башчыларынын жыйынында кабыл алынат.
Ал жарым жылда бир жолу өтүп турат. Африка союзунун Катчылыгы жана Комиссиясы Эфиопиянын борбору Аддис-Абебада жайгашкан. 2009-ж. февраль айында Африка союзунун Комиссиясын Африка союзунун Толук ыйгарымдуу органына кайта өзгөртүү чечими кабыл алынган. Максаты: Африка өлкөлөрүн жана алардын калкынын биримдүүлүгүн жана тилектештигин чыңдоо, мүчө-өлкөлөрүнүн эгемендигин, территориялык бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын коргоо, континенттин социалдык-экономикалык жана саясий интеграциясын тездетүү, континентте тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөө, БУУнун жана адам укуктарынын жалпы декларациясынын Уставына ылайык эл аралык кызматташтыкка жардам көрсөтүү.
Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б.
ISBN 978-9967-27-790-8